3 орундуу сандарды кошуу|Бирдик, ондук жана жүздүктөрдү кошуу|Башталгыч математика|Хан Академия

3 орундуу сандарды кошуу|Бирдик, ондук жана жүздүктөрдү кошуу|Башталгыч математика|Хан Академия

Khan Academy Kyrgyz

55 лет назад

278 Просмотров

Үч орундуу сандарды кошууну үйрөнүү.

Хан Академиясында Башталгыч Математика:
Математика саноо менен башталат. Бул биз үчүн алгачкы жылдарда үйрөнгөн эң маанилүү жөндөм жана башка математикалык түшүнүктөрдүн негизи болот. Биз санаганды үйрөнгөндөн кийин, биздикурчап турган нерселерди кошуп, кемитип, өлчөй алабыз. Саноодон кийин математикалык теңдемелер,графиктер, убактыт жана формалар жөнүндө биле алабыз. Жогорудагы видео сабакта математиканын негизи болгон кошуу, кемитүү жана разряддар түшүнүгү жөнөкөй, түшүнүктүү жана кызыктуу түрдө берилген!

Хан академиясы жөнүндө:
Хан академиясы окуучуларга класста жана класстан тышкары өз алдынча окууга мүмкүнчүлүк берет. Хан Академиясынын платформасы практикалык көнүгүүлөр, видео сабактар жана жекелештирилген окуу панелин сунуштайт. Бизде математика, илим, компьютердик программалоо, тарых, искусство тарыхы, экономика жана башка көптөгөн предметтер бар. Хан Академиясынын сабактары заманбап техниканын жардамы менен түзүлүп, окуучунун түшүнүүсүндөгү кемчиликтерин аныктоого жардам берет. Ошол эле учурда мугалимдер да окуучулар менен жекече иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Андан сырткары Хан Академиясы NASA, Калифорния Илимдер Академиясы жана Массачусетс Технология Институту (MIT) менен да кызматташып, адистештирилген сабактарды да сунуштайт.

Билимге умтулган ар бир окуучу үчүн акысыз, сапаттуу жана жеткиликтүү билим тартуулайбыз.
#СенБаарынҮйрөнөАласың

Биздин Facebook, Instagram, Telegram каналдарыбызга катталыңыз: https://www.facebook.com/KAkyrgyz
https://www.instagram.com/khanacademy...
Ссылки и html тэги не поддерживаются

2+7=


Комментарии: